Манас шаарында жаңы автовокзал ачылды

Манас шаарында жайгашкан жаңы автовокзал 17-августтан тартып жүргүнчүлөр үчүн каттамдарды баштайт. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.

Шаар мэри Уларбек Исмаилов курулуш иштерин көзөмөлдөп, жаңы объект менен таанышты. Автовокзал Шабданбай Абдраманов көчөсүндө жайгашкан.

Жаңы бекет 2 гектар 20 сотых аянтты ээлейт жана заманбап талаптарга жооп берет. Пассажирлер үчүн бардык керектүү шарттар уюштурулган.

Ар күн сайын жаңы автовокзалдан 53 багыт боюнча 450дөн 453кө чейин каттам иштейт, алар шаардын ичинде жана шаар аралык болуп бөлүнөт.

Мындан тышкары, эски автовокзалдын ордуна 750 орундуу мектеп куруу мүмкүнчүлүгү каралууда.