Эл аралык кылмыш соту (ЭКС) буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга ордер берген прокурорду кызматтан кетирди. Бул тууралуу эл аралык маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, прокурор Карим Хан өзүнүн кол алдындагы кызматкерлерине карата сексуалдык куугунтук көрсөткөн деп айыпталууда. Учурда ага каршы эки иш козголгондугу белгилүү.

