Кытайдын Ош шаарында жайгашкан Башкы консулдугу өз ишин кайрадан баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин Чолпон-Ата шаарында өткөн саммитинин алкагында билдиришти.

Бул консулдук 2019-жылы өз ишин токтоткон болчу.