Региондогу экономикалык өсүш

МВФ өзүнүн «Аймактык экономикалык өнүгүү келечеги: Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азия» аталышындагы отчетунда аймактагы экономикалык өсүштүн динамикасы тууралуу маалымат берди. 2025-жылы Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасы күтүлгөндөн жогору темп менен өскөнү белгиленет.

Фонддун баамында, 2025-жылы аймактын экономикасы 6,2%га өскөн, бул мурунку божомолдордон болжол менен 0,5 пайыздык пунктка жогору. Бул өсүшкө реалдуу эмгек акынын жогорулашы, туруктуу мамлекеттик чыгымдар, акча которуулар жана экономиканын айрым тармактарындагы жогорку активдүүлүк түрткү болгон.

Бирок, 2026-жылы Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө өсүш темпи 4,8%га чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул жагымдуу тышкы шарттардын алсырашы, ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын белгисиздиктин жогорулашы жана мунай импорттоочу өлкөлөр үчүн соода шарттарынын өзгөрүшү аркылуу таасир этиши мүмкүн экендиги менен байланыштуу.

Кыргызстандагы абал

МВФ Кыргызстанда экономикалык жигердүүлүктүн сакталып калышын мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшү менен байланыштырат. Ошол эле учурда фонд белгилегендей, аймактагы көпчүлүк өлкөлөрдө бюджет тартыштыгы кыскарат деп күтүлүп жатса, Кыргыз Республикасында бюджеттин тартыштыгы капиталдык жана учурдагы чыгымдардын өсүшүнө байланыштуу көбөйгөн.

МВФтин маалыматы боюнча, 2025-жылы мунай импорттоочу өлкөлөрдүн арасында бюджет тартыштыгы Кыргызстан менен Тажикстанда гана өскөн.