Нарын облусунун көптөгөн аймактарында жол курулуштары токтоп калган. Депутат Улан Бакасовдун маалыматы боюнча, Финансы министрлиги тарабынан тиешелүү каражаттар бөлүнүп туруп, аларды ишке ашыруу боюнча жыйынтык жок.
Кайсы жолдор бүтпөй калды?
- Ак-Талаа районундагы Баетов — Макмал жолу
- Нарын районундагы жолдор
- Ача-Кайыңды — Май-Босого жолу
- Ат-Башы районундагы Ак-Жар, Ача-Кайыңды жана Казыбек айылдарынын ички жолдору
- Нарын шаарындагы лотки
Депутаттын айтымында, министр тарабынан иштерди 9-сентябрда баштоо боюнча убада берилген, бирок андан бери асфальттын бир метри да төшөлгөн эмес. Бул абал жергиликтүү калктын бийликке болгон ишенимине терс таасир тийгизүүдө.
Баштаган болсоңуз — бүтүрүш керек эле, же такыр баштабай эле коюш керек болчу. Бул элдин бийликке болгон нааразычылыгын жаратат.
Текшерүү иштери башталды
Жогорку Кенештин торагасы Марлен Маматалиев министрдин убадаларын аткаруусун Кабинет министрлер составына көзөмөлдөөгө тапшырды. Ал эми профилдик комитет протоколдук тапшырмалардын аткарылышын текшерүүгө милдеттендирилди.















