Нарын шаарында негизги жана ички көчөлөрдө оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Шаардык мэриянын маалыматына караганда, ички жолдордун жалпы узундугу 137 чакырымды түзөт, анын ичинен асфальтталган жолдордун узундугу 45,6 чакырым же 33,2% түзөт.
2024-жыл башынан бери шаардын муниципалдык ишканасы "Таза Нарын"га жергиликтүү бюджеттен 21 миллион 834 миң 980 сом бөлүндү. Бул каражаттын бир бөлүгү жолдордун бузулган жерлерин оңдоого жумшалды.
- 3 миллион 287 миң сом атайын техника, аспаптар жана асфальт сатып алууга сарпталды.
- 500 миң сом 14 ички көчөнү балласттоо үчүн колдонулду.
- 11 миллион 37 миң сом көчөлөрдү көрктөндүрүү жана жарыктандыруу үчүн бөлүндү.
Жарыктандыруу боюнча 116 көчө шамы жана 209 LED лампа орнотулду. Учурда Жаңы-Жол жана М.Садыков районунда 86 шам орнотуу иштери уланууда. Ошондой эле Көтөрмө районунан Интернат районуна чейинки аймакта 230 жарык жабдуулары коюлду.
Шаардын санитардык таза болушу үчүн 4 миллион 706 миң сом бөлүнүп, 150 таштанды чогултуу пункту уюштурулду жана 346 таштанды контейнерлер сатылып алынды. Азыркы учурда учурдагы чарбалык иштерге дагы 2 миллион 305 миң сом жумшалууда.
2026-жылга таштанды чыгаруу үчүн төлөм чогултуунун планы 16 миллион 800 миң сомго бекитилген. Биринчи алты айда 8 миллион 914 миң сом чогултулуп, ал планынан ашыкча аткарылды.




