Нарын шаардык мэриясы билдиргендей, шаарда ичүүчү суу жана агынды суу системаларын жаңыртуу, кеңейтүү, ошондой эле калкты сапаттуу кызматтар менен камсыз кылуу максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен «Суу менен камсыздоо жана канализация системаларын реабилитациялоо» долбоорунун экинчи фазасы ишке ашырылууда.

Долбоордун жалпы баасы 5,5 миллион еврону түзөт (анын ичинен 2 миллион евро – насыя, 3,5 миллион евро – гранттык каражат). Долбоордун алкагында шаардын чыгыш аймагына 6 км, батыш аймагына 6 км, жалпысынан 12 чакырым канализациялык система тартылды.

2026-жылдын 17-июнунда жаңы суу тазалоочу жайдын курулушуна капсула салынды. Шаардын 20 миң тургунуна эсептелген бул заманбап курулуш агынды сууларды 3 баскычтуу (механикалык, биологиялык жана химиялык) тазалоодон өткөрөт.

Нарын шаары боюнча 765 суу өлчөгүч орнотулуп, ишке киргизилди. Анын ичинен 610 даанасы калкка, 59 даанасы бюджеттик мекемелерге жана ишканаларга, 89 даанасы коммерциялык уюмдарга, 5 даанасы «Водоканалга», 2 даанасы паркка тиешелүү.

2026-жылга ичүүчү суу үчүн төлөмдөрдүн планы 43 миллион 698 миң сом өлчөмүндө бекитилген. Алты ай ичинде 21 миллион 188,7 миң сом чогултулуп, алты айлык план 100,5 пайызга аткарылган.