Нарын шаарындагы Ак-Коргон жаңы конушунун тургундары инфраструктуранын абалын сынга алып жатышат. Алардын айтымында, селердин кесепетинен үйлөрдө жарыктар пайда болуп, аймактын айрым көчөлөрү кооптуу абалда турат.

Тургундардын бири Элима Осмонова билдирди: «Нарын шаарынын борбордук бөлүгү гана жакшы тейленет. Ак-Коргондогу абал дээрлик көңүл сыртында калып келген. Селдин таасири менен үйлөр жана короолор жараксыз абалга келди, көчөлөр кооптуу.

МЧС үйлөрдү жараксыз деп таанып, бузуу чечимин чыгарган. Бирок көчөлөр тоого жакын жайгашкандыктан сел дагы кайра келип, жаңы үйлөрдү да зыяндайт. Ошон үчүн ипотека программасы аркылуу турак жай берилүүсү керек деген ойдобуз, бирок азыр 50% төлөмсүз берилбей жатат».

Мэриянын маалымат кызматы сел агымдарын алдын алуу максатында Ак-Коргон жана Москва конуштарынын 7 көчөсүндө 10 миллион сомдук долбоор аткарылаарын билдирди. Бул долбоор селенин коркунучун азайтууга багытталган.

Шаар башчысы сел коркунучу бар жерлерди текшерип, облустук каржылоо фондуна тиешелүү долбоорду жиберген.