Нарын шаарында РТС аймагында жайгашкан паноарматикалык аянтчанын айланасын реформа кылуу уланууда. Бул боюнча шаар мэри Жылдызбек Беккелдиев тиешелүү тапшырмалар берди.

Мэрдин буйругуна ылайык, тепкичтерге жарык берүү орнотулуп, айлананын тазалыгы жана коопсуздугу камсыз кылынат. Андан сырткары, таштанды үчүн урналар орнотулуп, көпүрөнүн абалы текшерилип, ремонттоо иштерин жүргүзүү пландалууда.

Ошондой эле, мэрия ишкердүүлүк субъектилери менен тыгыз кызматташып, туристтер үчүн керектүү инфратүзүм түзүүнү караштырууда. Бул аракеттер Нарын шаарын туруктуу өнүктүрүү программасынын алкагында ишке ашырылууда.

Бул долбоор Нарын шаарынын туризм жаатында өсүшүнө өбөлгө түзүп, жергиликтүү инфраструктуранын сапатын жогорулатууга багытталган.