Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жана мэриянын кызматкерлери Суротту-Таш жана Ак-Буура сыяктуу тарыхый жайларды кыдырып, аларга байланыштуу тарыхый, археологиялык жана маданий маанилер боюнча маалымат алышты.

Экскурсия учурунда катышуучулар обьекттердин туристтик потенциалы жөнүндө билип, аларды сактап калуу жана жайгашкан аймактарын өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулашты.

  • Тарыхый жайларды коргоо боюнча тапшырмалар берилди.
  • Аймактарды кооздоо жана санариптик инфраструктура түзүү пландалды.
  • Суротту-Таш аймагына кирүү-чыгуу тартибин жөнгө салуу үчүн шлагбаум орнотуу сунушталды.
  • Чет элдик туристтер үчүн заманбап шарттагы борбор куруу идеясы каралууда.

Ош мэриясы бул чаралардын ишке ашырылышы аркылуу тарыхый объектилердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорку деңгээлге чыгарууну максат кылууда.