Кыргызстандын Улуттук банкы эл аралык электрондук акча операторлорунун каттоосун жокко чыгарды.
2026-жылдын 11-августундагы Улуттук банктын көзөмөлдөө комитетинин токтому менен төмөнкү операторлордун каттоосу жокко чыгарылды:
- ТОО «MAER Soft» — One Click эл аралык электрондук акча оператору
- ТОО «ПО MaxPay» — MaxPay эл аралык электрондук акча оператору
Бул чечим менен аталган компаниялар Кыргызстандын Улуттук банкында расмий катталган эл аралык электрондук акча операторлору катары таанылбай калат.
Улуттук банктын маалыматына караганда, булар каттоодон чыгарылган 13 оператордун катарына кирет.









