10-августта Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук «Манас» театрында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз жана казак төкмө акындары катышкан айтыштын тандоо туру өтөт.
Бул эл аралык маданий иш-чара Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулуп, ал өлкө маданиятын, көчмөндөр мурасын эл аралык деңгээлде таанытууну максат кылат.
Айтышта кыргыз жана казак акындары өз өнөрлөрүн көргөзүп, көчмөндөр оюндарынын катышуучуларына эстен кеткис маданий көрүнүш тартуулайт.


