Санитардык көзөмөл жана жарандардын укуктарын коргоо

18-ноябрда өткөн жолугушуунун жүрүшүндө курулуш компанияларынын жетекчилери аянтчаларда жана ага чектеш аймактарда тазалыкты сактоо боюнча көрсөтмө алышты. Ведомствонун маалыматы боюнча, курулушчулар бул жүктү «Тазалык» муниципалдык ишканасына түшүрбөө үчүн таштандыларды өз убагында чыгарууга милдеттүү. Санитардык абалды сактоого эми Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаменти туруктуу көзөмөл жүргүзөт.

Министр сатып алуучулардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурду. Жарандар үчүн турак жай сатып алуудагы тобокелдиктерди азайтуу максатында, куруп өнүктүрүүчүлөргө каражаттарды натыйжалуу башкаруу жана курулуштун бардык этаптарында финансылык милдеттенмелерди так пландаштыруу зарыл экени эскертилди.

Технологиялар жана жоопкерчилик

Нурдан Орунтаев тармакка заманбап долбоорлоо ыкмаларын жана алдыңкы чет элдик технологияларды киргизүүнү чакырды. Ошону менен бирге, ал мамлекет бизнеске колдоо көрсөтүүгө даяр экенин, бирок мыйзамды бузган компанияларга тиешелүү чаралар көрүлөрүн баса белгиледи.

Нурдан Орунтаев курулуш объектиси «нөл циклден» чыкканга чейин батирлерди жарнамалоого жана сатууга коюлган колдонуудагы тыюу салуу жөнүндө эскертип, белгиленген талаптарды так сактоону талап кылды.
КР Курулуш министрлиги