Онкологиялык борбордогу жарандар дарылануу процессинде чоң чыгымдарды өз чөнтөгүнөн чыгарууга аргасыз болушууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Бурул Аманова билдирди.
Депутаттын айтымында, химиялык терапия үчүн зарыл болгон препараттардын дайыма эле жеткиликтүү эместиги медициналык жардам алууну татаалдаштырып жатат.
Дары-дармектердин жоктугу боюнча жарандар мага даттануу менен кайрылып жатышат. Алар Саламаттык сактоо министрлигинен керектүү дарыларды акысыз камсыз кылууну суранышат.
Аманова Саламаттык сактоо министрлигине бул маселеге көңүл буруп, онкологиялык оорулууларды акысыз дары-дармектер менен камсыздоо боюнча тез арада чара көрүүгө чакырды.
Маалымат үчүн
Бурул Аманова — Жогорку Кенештин VIII чакырылышынын депутаты, «Эл үмүтү Ата-Журт» депутаттык тобунун мүчөсү.









