Адам соодасы — бул адамды эксплуатациялоо максатында аны чакыруу, ташуу, жашыруу же анын макулдугу менен же макулдугусуз күч колдонуу, коркутуу, алдамчылык же бийликти кыянаттык менен колдонуу жолу менен өткөрүлүүчү кылмыш болуп саналат.

Документтен

Адам соодасы — бул эксплуатациялоо максатында жүргүзүлүүчү чакыруу, ташуу, жашыруу, адамды анын макулдугу менен же макулдугусуз күч колдонуу, коркутуу же башка мажбурлоо түрлөрү, шантаж, алдамчылык, бийликти же абалынын алсыздыгын кыянаттык менен колдонуу, же башка адамды көзөмөлдөөчү адамдын макулдугун алуу үчүн пара берүү жолу менен адамды алуу же өткөрүп берүү.
Адам соодасына каршы күрөшүү жөнүндө Мыйзам

Кылмыш фактыларынын динамикасы

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, акыркы жылдары адам соодасына байланыштуу кылмыштардын санында өзгөрүүлөр байкалууда. Төмөндө жылдык көрсөткүчтөр келтирилген:

Кылмыш фактыларынын саны

62021-жылы
12022-жылы
22023-жылы
202024-жылы
22025-жылы

Акыркы маалыматтар

Кылмыш алдын алуу башкы башкармалыгынын алтынчы башкармалыгынын бөлүм башчысынын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда адам соодасынын фактылары катталган эмес. Бирок, ата-энелердин өз балдарын сатуу учурлары катталып, алар боюнча кылмыш иштери иликтэлүүдө жана сотко жөнөтүлүүдө.