"Говорю на великом" эл аралык олимпиадасынын алкагында окуучулар орус тили жана адабияты боюнча комплекстүү тапшырмаларды аткарышты. Ноябрь айында өткөн бул интеллектуалдык сынактын жыйынтыгы боюнча мыктылардын сыйлоо аземи Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлдү.

Катышуучулардын саны өстү

Гуманитардык илимдерди колдоо фондунун "Моя история" директору Иван Есиндин билдирүүсүнө караганда, олимпиаданын Кыргызстандагы популярдуулугу өткөн жылга караганда бир топ жогорулаган. Бул жылы катышуучулардын саны мурунку жылдагы 4200 адамдан ашып чыкты.

Олимпиаданын көрсөткүчтөрү

65жеңишүүчү жана призгер
5400катышуучулардын саны
4200өткөн жылдагы катышуучулар

Долбоордун максаты жана колдоо

Бул долбоордун негизги милдети чет өлкөлүк жаштардын орус тилине жана адабиятына болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле таланттуу окуучуларды аныктап, колдоону болуп саналат. Олимпиада экинчи жыл подряд өткөрүлүп жатат. Аны "Моя история" гуманитардык илимдерди колдоо фонду жана Башкир мамлекеттик педагогика университети РФ Билим берүү министрлигинин колдоосу менен уюштурууда.

Аталган фонд чет өлкөлөрдө тил курстарын уюштуруп, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларын жүргүзөт жана окуу жайларды адабият менен камсыз кылат. Буга чейин фонд Кыргызстандын мектептерине 670 миңден ашык китеп берген.