Балыкчы шаарындагы «Оазис» аталышындагы кафе Курчап турган чөйрөнү коргоо министрлигине караштуу экотехникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан текшерилгенден кийин 28 миң сомго айыпка тартылды.
Текшерүүгө себеп болгону — жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган видео жазуу. Анда бул кафенин айлана-чөйрөгө агын сууларды таштаганы болжолдуу түрдө чагылдырылган.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматында агын сууларды мыйзамсыз таштоо экологиялык мыйзамдарды бузуу болуп саналарын жана бул үчүн административдик жоопкерчилик каралганын эскертишти.





