Өзгөн районунда жаңы мектеп куруу иштери 2025-жылдын июль айында башталган. Азыркы учурда бетон иштери бүтүп, дубалдарды тургузуу иштери жүрүүдө.
Мектеп комплекси үч блоктон турат жана үч кабаттуу окуу корпуса, ашкана, китепкана жана спорт залы менен жабдылат.
Бул долбоор республикалык бюджеттен каржыланып, районго заманбап билим берүүчү жайдын курулушуна багытталган.




















