Өзгөн районундагы пиво чыгаруучу заводдун жанында орун алган жаңжал боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 131-беренеси ("Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү") менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын маалыматына ылайык, учурда күнөөлүүлөрдү аныктоо жана алардын аракеттерине юридикалык баа берүүгө багытталган тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Алдын ала медициналык маалымкатта жабыркаган аялдын оң колунун 3-манжасынын ортоңку фалангасы сынганы аныкталган. Жаракат ордунан жылган эмес. Тергөө иштери улантылууда.

Буга чейин Ош облустук ИИБдин басма сөз кызматы 2026-жылдын 22-июлунда Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө Дөң-Булак айылындагы пиво заводунун жанындагы дүкөндө мас балдардын мушташып жаткандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөнүн кабарлаган. Текшерүү учурунда 21-июлдан 22-июлга караган түнү саат 02:20 чамасында Өзгөн районунун Дөң-Булак айыл аймагындагы пиво заводунун жанындагы кафелердин биринде эс алып жаткан эки жаран спирт ичимдиктерин ичкени аныкталган.

Жыйынтыгында алар эсеп боюнча төлөөдөн баш тартып, чыр чыгарып, мекеменин администратору, 1984-жылы туулган А.К. аттуу аялга денесине жаракат келтиришкен. Жабырлануучу алган жаракаттардын оордук даражасын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө аракеттери улантылууда.