Визиттин алкагында 8-ноябрда мамлекет башчысына 2021–2026-жылдарга карата программалардын ишке ашырылышы, социалдык инфраструктуранын өнүгүшү жана региондун ири өнөр жай ишканаларынын иши тууралуу отчеттор сунушталды.
Өнөр жай объекттери жана жумуш орундары
Акыркы жылдары райондо тамак-аш жана автоунаа тармагындагы ишканалар пайдаланууга берилди. Тартылган инвестициялардын көлөмүнө жана түзүлгөн жумуш орундарынын санына өзгөчө көңүл бурулду.
Иштеп жаткан ишканалардын көрсөткүчтөрү
Учурдагы жана келечектүү долбоорлор
Иштеп жаткан заводдордон тышкары, Москва районунда бир катар масштабдуу инфраструктуралык жана өндүрүштүк демилгелердин ишке ашырылышы уланууда. Алардын ичинде — гидротехникалык курулуштарды жана энергетикалык объекттерди куруу бар.
- 2 048 га жерди сугаруу үчүн баасы 1,2 млрд сом болгон он күндүк жөнгө салуучу Ак-Суу бассейнин куруу.
- Баасы 437,5 млн сом болгон «Радуга Корм» балыктар үчүн тоют чыгаруу заводун куруу.
- Жалпы инвестициясынын көлөмү 40 млн АКШ долларын түзгөн кичи ГЭСтерди куруу.
- «United Concrete Canv» ЖЧКсынын геосинтетикалык цемент-композиттик каптамаларды чыгаруучу завотун түзүү.















