Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров акыркы күндөрдө коомчулукта кызуу талкууга алынган жер, тышкы карыз, чет элдик туристтер жана энергетика боюнча маселелер боюнча өз түшүндүрмөлөрүн билдирди.

Ал өзүнүн социалдык тармактардагы билдирүүсүндө 2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы километрди же 19 млн 994 миң гектар жерди түзгөнүн эске салды.

Бул темалар коомдо көп кызыгуу жараткандыктан, мамлекет башчысы маселелерди так айкындоо максатында өз баяндамасын жарыялады.