Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров жакынкы президенттик шайлоого катышууну пландап жатканын журналист Али Токтакуновго билдирди.
Ал ошондой эле шайлоого катышууну каалаган бардык талапкерлер үчүн бардык керектүү шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.
«Бардык талапкерлердин жолу ачык. Ким кааласа шайлоого катышсын. Биз эч кимди чектебейбиз жана тоскоолдуктарды түзбөйбүз», — деди Садыр Жапаров.











