Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2027-жылдын 27-январында өтө турган президенттик шайлоодо кайрадан талапкерлигин коюуну пландап жатканын билдирди.

Бул маалыматты ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди. Садыр Жапаров өз сөзүндө, жумушту улантуу максатында дагы бир мөөнөткө талапкерлигин сунуштап жатканын белгилеп, "Шайлоого дагы ким катышууну кааласа — талапкерлигин коё берсин. Эч кимди чектебейбиз" деген.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-январында мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо президент болуп шайланган. Ал учурда БШКнын расмий маалыматтарына ылайык, шайлоочулардын 79,2 пайызы ага добуш берген. Анын инаугурация аземи 2021-жылдын 28-январында өткөрүлгөн.