Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 13-августта журналист Али Токтакуновго интервью берип, экинчи ирет президенттик кызматка талапкер боло турганын жарыялады.

Ал буга чейин да экинчи мөөнөткө аттануу пландалып жатканын белгилеп келген. Президент шайлоодо катышууну каалаган ар бир адамга жол ачык экенин айтты.

«Дорога открыта для всех, кто хочет идти — пусть идет. Как говорят по-русски: «флаг в руки». Мы никого не ограничиваем»
Садыр Жапаров

Жапаров шайлоо процессинин ачык жана максималдуу таза өтөөрүн убада кылды. Ал Кыргызстандагы президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөрүн эске салды.