Nomad ТВ билдиргендей, окуя 12-июнда болгон. Каза болгон кызматкер Ак-Суу районунун айылдарынын бирине кыздын жанына келген. Ал ошол жерде сабалган.
Окуядан кийин ал эч кимге айтпай Бишкекке кызматка кайтып келген. 18 күндөн кийин жумуш ордунда эс-учун жоготуп, каза болгон.
Милиция кызматкерлери бул факты боюнча "бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдиришти. Бул ишке шектелип, жергиликтүү беш жигит, анын ичинде 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды.
Учурда сабоо менен жаш жигиттин өлүмүнүн ортосундагы байланышты аныктоо үчүн экспертиза дайындалды.








