Бүгүн, 24-июлда Талас шаарында жаңы борбордук парктын ачылыш аземи болуп өттү. Бул иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев катышып, ошондой эле бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчы Талас шаарын өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан жалпысынан 6,5 миллиард сом багытталганын белгиледи. Анын айтымында, учурда шаарда маанилүү социалдык жана инфраструктуралык объектилер – мектептер, ооруканалар, жолдор, стадиондор, аэропорттор жана парктар курулуп жатат.

Борбордук парктын курулушуна бюджеттен 165 миллион сом бөлүнгөн. Мында заманбап аттракциондор орнотулуп, жашыл аймактар түзүлүп, жарыктандырылган аллеялар жана шаар тургундары үчүн бардык керектүү шарттар каралган.

Анын чыныгы баалуулугу бул жерде балдардын күлкүсү жаңырбай, жаштар өз кыялдарын куруп, үй-бүлөлөр бактысын бекемдеп, улуу муун батасын бере турганында.