Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Антитеррордук борборунда Терроризмге каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык координациялык комиссиянын XVIII жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйын УКМК төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору А.Т. Эрбаевдин жетекчилиги астында мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын аймагында өтүүчү алдыдагы маанилүү эл аралык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүүгө байланышкан уюштуруу маселелери каралды. Өзгөчө көңүл социалдык жана турмуштук маанидеги объекттердин антитеррордук коопсуздугун камсыздоо маселелерине бурулду.

Жыйындын катышуучулары сунуштарды жана толуктоолорду киргизишип, алар комиссиянын жыйынтыктоочу чечимдерин даярдоодо эске алынды. Жыйынтыгында тийиштүү чечимдер кабыл алынып, тартылган мамлекеттик структураларга конкреттүү милдеттер жана ар бир ведомствонун мындан аркы иштеринин негизги багыттары аныкталды.