2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирген жаңы талаптарга ылайык, Кыргызстан жарандары Россияга чыгып бара жатканда 72 саат мурда ruID мобилдик тиркемесин жүктөп, катталышы зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Нургазы Жумалиев Биринчи радионун эфиринде билдирди.

Учурда Россияда жок дегенде 502 миң кыргызстандык турат. Миграциялык талаптар күчөй тургандыгына байланыштуу, өлкөгө кирүүдөн мурун тиешелүү процедураларды аткаруу зарыл болуп калды.

Жумалиевдин айтымында, катталууда адамдар бара турган жери, мөөнөтү жана жумушу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүшү керек. Бирок, ruID тиркемесинде каттоодон өтпөй турган же тиркемеси жок жарандарга Россия чек арасынан кирүүгө тыюу салынбайт.

Россияда болуу учурунда мигранттар 30 күндүн ичинде эмгек келишимин түзүп, толук каттоодон өтүшү шарт. Андан кийин гана мыйзамдуу эмгек кылууга уруксат берилет.

ruID системасы миграциялык талаптарды катаалдаштырып жаткан менен, ошол эле учурда Россияда мамлекеттик кызматтарды оңой алууга шарт түзөт.