Кыргызстанда ЖКККББ кызматкерлери айдоочулук укугунан ажыратылган, бирок унаа башкарууну улантып жүргөн жаранды аныкташты. Бул факт ИИМдин ЖКККББсына «Түндүк» мобилдик тиркемесинде төлөнгөн айып пулдардын көрсөтүлүшү боюнча жарандан түшкөн кайрылууну карап чыгуу учурунда белгилүү болгон.

Кайрылууну карап жатып, ЖКККББ кызматкерлери аталган жаран мурда соттун чечими менен транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратылганын аныкташкан. Ага карабастан, ал унаа башкарууну улантып келген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, айдоочулук укугунан ажыратуу мөөнөтү ичинде эки жолу транспорт каражатын башкаруу фактысы аныкталган. Арызды кароо үчүн жаран ЖКККББ бөлүмүнө чакырылып, ал жерге өзүнүн унаасы менен келген.

Соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин айдоочулук күбөлүгү мыйзам талап кылгандай, Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна тапшырылган эмес.

Аныкталган фактылар боюнча жаранга эреже бузуулар жөнүндө протоколдор толтурулган. Айып пулдардын жалпы суммасы 70 миң сомду түзгөн. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочулук күбөлүгү алынган.