Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) кызматкерлери Ысык-Көл облусунда «Кооптуу жүк» аталышындагы рейд өткөрүштү. Рейд учурунда такси айдап бара жаткан айдоочу баңгизаттын таасири астында экендиги аныкталды.

«Nomad» басылмасынын маалыматына ылайык, айдоочунун лицензиясы жок болгон. Ага карата тиешелүү протоколдор толтурулуп, 87 500 сом суммасында айып пул салынды.