Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөнүн мыйзамдарынын жана өзүнүн ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузган валюта рыногунун катышуучуларына карата тиешелүү чараларды көрдү.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, Жалал-Абад облусундагы бир акча алмаштыруучу жайга 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле, Ысык-Көл облусунда тиешелүү лицензиясы жок накталай чет элдик валютаны алмаштыруу операцияларын жүргүзгөн бир жаранга 17,5 миң сом айып салынды.

Кошумчалай кетсек, эки алмаштыруучу жайдын лицензияларынын иштөө мөөнөтү убактылуу токтотулду:

  • Бишкек шаарындагы (Москва көчөсү, 86а) «Про мани» алмаштыруучу жайы – 2026-жылдын 25-июлунан 27-июлуна чейин (кошо).
  • Талас облусунун Манас районундагы Май айыл аймагындагы (Чоң-Капка көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында) «Лидер 07» алмаштыруучу жайы – 2026-жылдын 24-июлунан 7-августуна чейин (кошо).