Бишкекте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы боюнча жыйын өтүп, ага маданият министри Мирбек Мамбеталиев, башкы режиссер Алтынбек Максутов, тарыхчылар жана этнографтар катышты.
Оюндар 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт жана негизги маданий жай катары Кырчындагы «Көчмөндөр дүйнөсү» этнокурчтуру жай бөлүнгөн.
Бул жайда улуттук музыка, театр, фольклор, манасчы жана акындардын чыгармалары, кол өнөрчүлүк, улуттук тамак-аштар жана эл оюндары көрсөтүлмөкчү.
Программаларга Кыргызстандагы бардык облустар, Бишкек жана Ош шаарлары катышып, ар бир аймак өзүнүн тарыхый жана маданий өзгөчөлүктөрүн тартуулайт.
Андан сырткары, эл аралык катышуучулардын да программасы күтүлүүдө.
Алтынбек Максутов «Көчмөндөр дүйнөсүнүн» концепциясын тааныштырып, ага тарыхчылар менен этнографтар өз сунуштарын беришти.








