Кырчын аймагында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий аянты катары ири этношаарча түзүлүүдө. Ал жерде салттуу көчмөн турмушуна ылайык 500гө жакын боз үй орнотулуп, 15 өзүнчө боз үй шаары курулат.
Бул комплексте Кыргызстандын ар кайсы аймактары менен чет элдик делегациялар өзүнүн аянтчаларын тартуулайт. Этношаарча күнүнө 100 миңге чейинки конокторду тосуп алууга ылайыкталат.
Курулуш иштеринде көчмөн цивилизациясынын калктуу конуштарынын архитектурасы жана атмосферасы калыбына келтирилип, салттуу материалдар — анын ичинде чопо пайдаланылууда.
Ошондой эле этношаарчанын аймагында өзүнчө этнобазар уюштурулуп, оюндар маалында көргөзмөлөр, салттуу оюндар, балбандар мелдеши, тайган жарыш, бүркүт жана куш салуу сыяктуу маданий программалар өтөт.
Көчмөндөр оюндары 31-августта Бишкек шаарында салтанаттуу ачылып, негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.










