Социалдык тармактарда тараган видеодо туристтин тоолуу дарыяга заара кылган учуру көрүнүп калган. Бул окуя Ак-Суй райондук ички иштер бөлүмүнүн электрондук каттоо журналына катталды.
Коомчулуктун нааразычылыгы
Видеодо жанынан өтүп бара жаткан күбөлөр унаасын токтотуп, чет элдиктерди коштоп жүргөн гиддин жоопкерсиздигине нааразычылык билдиришкен. Алар гиддин эмне үчүн туристтерге Кыргызстандын бермети болгон табиятты булндай сунукка жол берип жатканын сураган.
Текшерүү иштери
Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүүдө.
Бул окуя Ак-Суй районунда болгон.








