23-июлда Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагындагы Кара-Булак айылында жана Баткен шаарында сел жүргөн. Бул кырсыктан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаратылыш кырсыгынын кесепеттерин жоюу үчүн ыкчам чараларды көргөн.
Баткен шаарында сел суулары «Баткен электр тармактары» ишканасынын имаратына кирип, натыйжада кээ бир аймактарда электр жарыгы убактылуу үзгүлтүккө учураган. Ал эми Кара-Булак айылында куткаруучулар «Алтын-Бешик» эс алуу жайында эс алып жаткан балдарды жана аларды коштоп жүргөн мугалимдерди коопсуз жерге өз убагында эвакуациялаган.
Нурлан Жумалиев кырдаалды жеринде көрүп, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмалар берилди.
- Сел өтүүчү каналдын нугун кеңейтүү.
- Көпүрөнү реконструкциялоо.
- «Баткен электр тармактары» ишканасын сел коркунучунан коргоо үчүн канал куруу.
- Бул иштер боюнча долбоордук-сметалык документтерди кыска мөөнөттө даярдоо.
Мындан тышкары, министрдин орун басары сел жана суу ташкынынан коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан. Ал Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө иштерин карап чыгып, министрлик ыкчам жана сапаттуу аткаруу үчүн керектүү техниканы бөлүп берерин белгилеген.






