Америкадагы Climate Central уюму жүргүзгөн изилдөө дүйнө жүзүндөгү 1338 ири шаарда адамдардын жылуулуктан улам уктоосунун азайганын аныктады.
1970-жылдардан баштап бул убакыт эки эсеге көбөйүп, жылына орточо 56 саат, же болжол менен жети толук түн уктабай калууга барабар өлчөмдө кем болду.
Бул көйгөй айрыкча Жакынкы Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азия аймактарында дагы да катуу байкалууда.
Изилдөөнүн жыйынтыктары климаттын өзгөрүшү адамдын күндүк жашоосуна жана ден соолугуна тийгизген таасирин жаңы жагдайдан көрсөттү.












