Жогорку Кенештин депутаты Дастан Бекешевин демилгеси менен жашыл өсүмдүктөрдү коргоо боюнча жаңы мыйзам долбоору каралууда. Анын негизинде курулушчулар кесилген ар бир дарак үчүн беш жаңы дарак отургузуп, аларды үч жыл бою кам көрүшү керек болот. Отургузула турган жерлерди жергиликтүү бийлик органдары аныктайт.

Бишкектеги жашыл аймактардын азайышы

Депутат Мирлан Жээнчороев шаардагы жашыл зоналардын кыскарып жатканын белгилеп, анын масштабдуу азайышын көрсөттү. Анын маалыматы боюнча, Ататүрк атындагы парктын аянты 110 гектардан 50 гектарга чейин, ал эми Карагачлуу токойдун аянты 120-130 гектардан 70 гектарга чейин кыскарган.

Жашыл аймактардын көрсөткүчтөрү

14кв. м
6кв. м
22кв. м