Жогорку Кенештин депутаты Бактыяр Калпаевдин демилгеси менен сунушталган жаңы мыйзам долбоору жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч келтирген агрессивдүү иш-аракеттер үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү көздөйт.

Жазалардын өлчөмү

Сунушталган түзөтүүлөргө ылайык, жолдо уруш же башка агрессивдүү иш-аракеттер жасаган айдоочулар төмөнкүдөй жазаларга тартылышы мүмкүн:

10 000сом айып пул
6айлык мөөнөтү менен укугунан ажыратуу

Айрым учурларда, мисалы, июль айында Ош облусунда болгон окуяда, жолдогу чыр-чатактын натыйжасында бир айдоочу экинчисин бычак менен жаракаттаган. Ушундай себептен улам, депутаттар жолдогу тартипти калыбына келтирүүнү сунушташууда.

Бул долбоордун максаты — айып пул чогултуу эмес, жолдо тартипти сактоо.
Марлен Маматалиев, Жогорку Кенештин төрагасы

Учурдагы тартип

Жогорку Кенештин вице-спикери Болот Ибрагимов учурдагы мыйзамдар боюнча кандай жазалар колдонуларын сураган. Ички иштер министрлигинин орун басары Эркебек Аширхождаевдин билдирүүсүнө караганда, эгерде зыян келтирилбесе, «автохулигандык» же «жеңил хулигандык» беренелери колдонулат, ал эми жаракаттар же зыян болсо, башка жоопкерчилик белгиленет.

Мыйзам долбоорунун экинчи окуусуна чейин бул маселе Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте кенен каралат.