Кыргызстандын борбор шаарына жакын тоолордо өрөөндүн бою менен төмөн карай агып түшө турган жүздөгөн миңдеген кубометр суу топтолууда. Бул тууралуу EGUsphere илимий платформасында жарыяланган изилдөөдө айтылат.
Табигый дамбалардын бузулуу коркунучу
Адистер мөңгүлөрдүн эриүү процесси жаңы көлдөрдүн калыптанышына алып келерин белгилешет. Учурда аларды табигый дамбалар кармап турат, бирок климаттын андан ары жылуулануусу алардын бузулуу коркунучун жаратат.
Буга чейин, 2012-жылы, тоо көлүнүн агып чыгышы болжол менен 1,2 млн адам жашаган Бишкектин суу алдында калуу коркунучун жараткан. Эксперттер мындай сценарийдин кайталанышы мүмкүн болгон так мөөнөтүн азырынча аныктаган жок.










