Зордук-зомбулук физикалык таасир менен гана чектелбейт. Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери анын формаларына сөгүүлөр, коркутуулар, финансылык чектөөлөр, ошондой эле каалаган эмес сексуалдык аракеттерге мажбурлоо кирерин белгилешти.

Зордук-зомбулуктун түрлөрү жана коркунуч белгилери

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зордук-зомбулукту денеге жаракат, психологиялык травма же башка зыян келтириши мүмкүн болгон дене күчүн же бийликти атайылап колдонуу деп аныктайт.

Зордук-зомбулук кандай көрүнөт

  • Физикалык: денеге залал келтирүү, сабоо, түртүү, чаап-тепүү.
  • Психологиялык: коркутуу, шантаж, сөгүү, көзөмөл.
  • Экономикалык: финансылык колдоодон ажыратуу, иштөөгө же окууга тыюу салуу, чыгымдарды толук көзөмөлдөө.
  • Сексуалдык: күч, коркутуу же алдоо менен сексуалдык мамилелерге мажбурлоо.