Материалдар: 2
Чагылдыруу тону: Нейтралдуу
«НЭС Кыргызстана» ачык акционердик коомунун Ош электр тармактар ишканасына жаңы директор дайындалды. Бул кызматка Марат Раймалиев келди, ал буга чейин Бишкек электр тармактар ишканасын жетектеп келген.
Мирлан Максутов «Кыргызстандын Улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун (НЭС Кыргызстан) алдындагы Чүй электр тармактар ишканасынын (ЧуПЭС) капиталдык курулуш жана жалпы маселелер боюнча директордун орун басары кызматына дайындалды. Тиешелүү буйрукка «Улуттук электр тармагы Кыргызстан» ААК башкы директору Илгиз Сыдыгалиев кол койгон.