Материалдар: 2
Чагылдыруу тону: Нейтралдуу
Чагылдыруу тону: Оң
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Бишкек шаарында жолугушту. Жолугушууда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин алдыдагы мамлекеттик визитинин деталдары, ошондой эле «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулуш маселеси талкууланды. Тараптар ошондой эле Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитин өткөрүү боюнча пикир алмашышты.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык, инфраструктуралык, транспорттук-логистикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык маселелери талкууланды.