Улуттук тарых музейинде «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 40 күн калды!» аттуу расмий иш-чара өттү. Бул иш-чарада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасы коомчулукка тааныштырылды.
Иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков, оюндун башкы режиссеру Алтынбек Максутов, маданий программанын координаторлору жана медиа өкүлдөрү катышты.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын концепциясы, негизги багыттары жана өткөрүлүүчү аянтчалары коомчулукка кеңири баяндалды. Анда 90дон ашык өлкөдөн келген меймандар үчүн даярдалган уникалдуу иш-чаралар сунушталды.
Иш-чаранын алкагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эң ири маданий демилгелеринин бири — жалпы республикалык руханий-маданий «Биримдик кербени» башталды. Ал 40 күндүн ичинде Кыргызстандын 40 аймагын кыдырат.
«Биримдик кербени» көчмөн цивилизациясынын мурастарын, кыргыз элинин маданий байлыктарын жана оюндарынын рухун даңазалоого багытталган. Демилге андан соң Улуу көч менен биригет.
Иш-чаранын *«40 күн калды!»* деген символикалык акциясы дагы белгилүү болуп, бул бирдиктүү маалыматтык өнөктүк менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын жаңы этабы башталды.





