Текшерүүнүн негизги багыты — кызмат орундуулугуну кыянат колдонууну жана коррупциялык аракеттерди токтотуу болуп саналат. Бул иш-чара «Ак-Тилек» жана «Маловодное» контролдук пункттарында жүргүзүлдү.
Техникалык жабдуулар жана жоопкерчилик
Комиссия весогабариттик контролдоонун автоматташтырылган системаларынын үзгүлтүксүз иштешин жана аппараттардын техникалык абалын карап чыкты. Ошондой эле, оор жүк ташыган транспорттордун белгиленген нормаларды сактоосу жана текшерүү процедураларынын тартиби баэлденди.
Министрликтин басма сөз кызматынын билдирүүсүнө ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында кызматкерлерге мыйзамсыз акча алуу фактыларын толук жокко чыгаруу тапшырмасы берилди. Ар бир аныкталган мыйзам бузуу үчүн кызматкерлердин жеке жоопкерчилиги күчөтүлөт.










