Департамент химизациялоо, коргоо жана өсүмдүктөрдүн карантини боюнча уюмдардын кызматкерлери «Кант» временное хранение складунда, ошондой эле «Ак-Тилек» жана «Ак-Жол» фитосанитардык контрол пункттарында күтүлбөгөн текшерүүлөр жүргүзүштү.

Текшерүү учурунда фитосанитардык контролду уюштуруу, кызматкерлердин кызматтык милдеттерди аткаруусу, кызматтык документтерди жүргүзүү жана колдонулуп жаткан мыйзамдарды сактоо талаптары боюнча комплекстүү баа берилген.

Ошондой эле, текшерүүнүн алдында коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга, кызматтык ишти ачык-айкын жүргүзүүгө жана кызматтык этика нормаларын так сактоого өзгөчө көңүл бурулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, пункттардын иши жогорку деңгээлдеги жоопкерчиликке жана кызматтык тартипти сактоого ээ деп бааланып, фитосанитардык контрол иш-чараларынын сапаттуу аткарылышы белгиленген.