Ала-Арчада болгон трагедиялардан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) бийик тоолуу аймактарда эс алууну пландап жаткан бардык адамдар үчүн маанилүү эскертүү менен чыкты. Куткаруучулар саякатка даярданууда жоопкерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгын баса белгилешет.

Тоолордо коопсуз болуу үчүн сунуштамалар

ӨКМ кызматкерлери туристтерге маршрутка чыгуудан мурун жагымсыз шарттарга туш болбоо үчүн аба ырайынын болжолун сөзсүз текшерүүнү сунушташат. Экипировкага өзгөчө көңүл бурулат: ылайыктуу бут кийимди тандоо жана керектүүдөн да жылуу кийинуу зарыл.

Тоого чыгууда жана сейилдөөдө жеке коопсуздукту камсыз кылуу үчүн адистер өзүңөрдө белгилүү бир жабдыктардын топтомун алып жүрүүнү сунушташат.

  • каска
  • чырак
  • кол кап
  • треккинг таякчалары