Кыргызстандын тоо кыркаларында бир топ альпинисттер дайынсыз жоголуп кетти. Алардын арасында Беларус Республикасынын эки жана Латвия Республикасынын бир жараны бар экени маалымдалды.

Спортчулар Курумды чокусунун Түндүк кыркасы боюнча татаал маршрутту басып өткөндөн кийин байланышка чыкпай калышкан.

Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатовдун билдирүүсүнө караганда, издөө жана аймакка мониторинг жүргүзүү үчүн атайын издөө-куткаруу тобу түзүлгөн.

«Биз Өзгөчө кырдаалдар министрлигин (ӨКМ) жана Ички иштер министрлигин (ИИМ) токтоосуз түрдө маалымдадык. Альпинисттердин арасынан коомдук куткаруу тобу түзүлдү. ӨКМдин мониторингинин жыйынтыктарын күтүп жатабыз, издөө жана куткаруу иштерине даярбыз»
Туризмди өнүктүрүү мамлекеттик агенттигинин директору Эдуард Кубатов

Буга чейин Беларус альпинизм жана аскага чыгуу федерациясы альпинисттер татаал маршрутту ийгиликтүү аяктагандан кийин байланышты үзүп койгонун билдирген.