Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири транзиттик, энергетикалык жана социалдык долбоорлор өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун бир топ жогорулатты. Атап айтканда, курулуп жаткан КытайКыргызстанӨзбекстан темир жолу Кавказ өлкөлөрүнө да чоң үмүт берди. Өз кезегинде, Азербайжан тарабынан өнүктүрүлүп жаткан Транскаспий маршруту биздин мамлекет үчүн маанилүү. Кытайдан Европага чейинки логистикалык инфраструктуранын өнүгүшү эки мамлекетке тең эбегейсиз соода мүмкүнчүлүктөрүн ачат.

Кыргызстан менен Азербайжанды жалпы тарых, маданият жана боордош мамилелер бириктирип турат. Акыркы жылдары экономикалык кызматташтыкты жандандыруу боюнча жигердүү кадамдар жасалып келет. Бул милдет Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондуна жүктөлгөн.