23-июль күнү Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында сел жүрдү.

Бул кырсыктан кийин «Алтын-Бешик» эс алуу зонасында болгон балдар менен аларга көз салган мугалим жана дарыгер коопсуз жайга алынган.

Селдин кесепетинен саат 03:10 чамасында лагерьдеги топту эвакуациялоо иштери жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүндө окуя тууралуу маалымат такталган.