Жарым түндө Кыргызстанга Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи учуп келди. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери катышкан кеңештин жыйынына катышат.
Бул жыйын Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өтөт. Жыйындын күн тартибинде аймактагы жана эл аралык маселелер талкууланаары күтүлүүдө.






